Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстан Кытай менен бирге темир жол адистерин даярдоочу академия ачат
26.09.2025 | 12:21

Кыргызстан жана Кытай темир жол адистерин окутуу үчүн жаңы академия ачууну пландашууда. Бул маселе минКаб төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын мамлекеттик темир жол корпорациясынын директору Ван Лисиндин жолугушуусунда каралды.
МинКабдын маалыматына ылайык, аталган академия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбооруна байланыштуу ачылары айтылды.
Белгиленгендей, учурда үч өлкөнү бириктирген темир жолдо тоннелдерди казуу, инфраструктура куруу жана административдик иштер жүргүзүлүп жатат.