Кыргызстан Кытайга кургатылган өрүк экспорттой баштады

30.07.2025 | 11:16

29-июлда Кыргызстандан Кытайга 23 тонна кургатылган өрүктүн алгачкы партиясы ийгиликтүү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорт Кытайга киргизүүгө уруксат берилген айыл чарба продукциясынын тизмесине кургатылган өрүктүн киргизилишине жана кыргыз ишканасынын Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER маалыматтык системасында ийгиликтүү каттоодон өтүшүнө байланыштуу ишке ашкан.

Продукцияны даярдоо учурунда бардык талап кылынган фитосанитардык процедуралар сакталган: лабораториялык сыноолор жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттар берилген жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жоктугу тастыкталган.

“Бул жеткирүү Кытай рыногуна кыргыз жемиш-жашылча продукциясынын жолун ачкан маанилүү кадам болуп саналат жана келечекте экспорт көлөмүн көбөйтүүгө, товар түрлөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөш катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top