Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ичинен чекене сооданын өсүшү боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы расмий сайтында билдирди.
2025-жылдын биринчи кварталында өлкөдө чекене соода-сатыктын көлөмү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 22,8% га жогорулаган. Калган мамлекеттер төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
• Беларусь — 10,8% өсүш
• Армения — 7,3%
• Казакстан — 4,8%
• Россия — 3,2%
Эксперттер Кыргызстандагы активдүү ички керектөөнү жана соода жигерин бул көрсөткүчтөргө себеп катары белгилешүүдө.