Кыргызстан малды сыртка сатууга тыюу салды

Кыргызстан малды сыртка сатууга тыюу салды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Акчабар» финансы порталына билдирди. 

«Биздеги маалымат боюнча азыр Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Бирок, сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Себеби, ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар. Тиешелүү жарлык  кол койулган күндөн тарта күчүнө кирет», — деп айтты Токтогазиев.

Өзбекстанда этке болгон тараптан жогору болуп жатышы, коңшу өлкөдө мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программа жүзөгө ашырылып жатканканы айтылууда.

Белгилей кетсек,  учурда уй жана кой этинин бир килограммы 450 сомдон 500 сомго чейин бааланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>