Кыргызстан менен Африка өлкөлөрү ар тармакта кызматташууну талкуулашты

16.09.2025 | 10:15

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги аталган өлкөдө аккредиттелген Африка өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына дипломатиялык кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш-чарага 20дан ашык Африка өлкөлөрүнүн элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле Түркиядагы дипломатиялык корпустун башчысы, Джибутинин элчиси Аден Хусейн Абдиллахи, Анкарадагы африкалык дипломатиялык корпустун башчысы, Түштүк Судандын элчиси Мажок Гуандонг, Анкарадагы араб дипломатиялык корпустун башчысы, Мавританиянын элчиси Ахмет Хамади катышкан.

Кабыл алуу Кыргызстандын глобалдык демилгелерин эл аралык аренада, биринчи кезекте БУУнун алкагында алдыга жылдыруу жана дүйнөнүн ар кайсы региондорунан, анын ичинде Африка континентинен келген өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөө максатында уюштурулган.

Элчи Руслан Казакбаев африкалык дипломаттарды Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары менен тааныштырган. Ошондой эле өлкөнүн БУУнун уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин белгилеген.

Иш-чара Кыргызстан менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча түз диалогду түзүү, пикир алмашуу жана ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча болгон.

Scroll to Top