Кыргызстандын өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүү саясатын биринчи каржылоо” долбоорунун алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги бүгүн, 9-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, документте 101,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү каралган. Макулдашууга Кыргызстанрдын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директор Хью Ридделл кол койгон.
Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банкка негизги реформаларды жана инфраструктуралык демилгелерди ишке ашырууда көрсөткөн туруктуу колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ал Дүйнөлүк банктын салымы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо маанилүү элемент болуп саналарын баса белгилеген.
«Бул макулдашууга кол коюу Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү багытындагы кезектеги кадам болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.