Президенттик администрацияда өлкө башчынын тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбор Азиядагы климат, суу жана энергетика кластеринин координатору Фолькер Фробарттын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында өз ара кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Анын ичинде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, адаптациялык потенциалды бекемдөө жана климаттык күн тартибин илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
«2027-жылы өтүүчү Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү алкагында, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-чаралар, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия аймактык кызматташтыгын кеңейтүү, жашыл энергетиканы илгерилетүү, тоолуу жамааттарды колдоо жана экосистемаларды коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты илгерилетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди»,- деп айтылат маалыматта.