Кыргызстан менен Иран кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты
10-февралда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов менен Иран Ислам Республикасынын элчиси Голам Хоссейн Ядегаринин жолугушуусу өттү.
Дипломаттардын көңүл борборунда соода-экономикалык жана транзиттик-логистикалык өз ара аракеттенүү маселелери болду. Тараптар 2025-жылдын апрель айында кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 14-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жигердентүү ниетин ырасташты.
Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) учурдагы төрагалыгын эске алуу менен, жолугушуунун катышуучулары уюмдун республиканын аймагында түрдүү деңгээлде өтө турган алдыдагы иш-чараларына даярдык көрүү маселесине көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Ирандын өкүлдөрү эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү андан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.