Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүдө

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүдө

Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кытайга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрүп, энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Эмилбек Ысманов алгач кытайлык “ТВЕА” корпорациясы менен жолугушуп, анда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.

Андан кийин энергетикалык жабдууларды өндүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири “Dongfang Electric Corporation” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Аталган компания компания дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсүнө жабдууларын экспорттоп жатканын маалымдап, Кыргызстанда ири энергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирген.

Ошондой эле “China Energy International Group” өкүлдөрү менен болгон жолугушууда ГЭСтерди куруу жана кайра жаралуучу энергия багытында кызматташуу маселелери каралган.

Андан кийин “Reclaim Group” жана “Hengyu Group” компаниялары менен гидроэнергетика жана суу чарба инфраструктурасы боюнча долбоорлор талкууланган.

Мындан тышкары 26-июнда Нинбо шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жыйынында Кыргызстан Энергетика министрлиги менен Кытайдын Улуттук энергетикалык администрациясынын ортосунда энергетика, энергияны натыйжалуу пайдалануу жана энергияны үнөмдөө жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>