Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда белгиленүүчү «Жаз майрамына» байланыштуу 24-январдан 30-январга чейин “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.
31-январдан тарта көзөмөл өткөрүү-бекеттери жарандар менен транспортторду кадимки тартипте өткөрүп баштайт.