Кыргызстан менен Малайзия жашыл энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Малайзия жашыл энергетика тармагында кызматташат

Энергетика министрлиги менен Малайзиянын «CitaGlobal Berhad» компаниясы жашыл энергетика тармагында кызматташат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий сапарынын алкагында, министр Таалайбек Ибраев жана аталган компаниянын президенти Мохамад Норза Закария өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.

Бул документ жашыл энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле сапар учурунда министр Ибраев Малайзиянын ири мунай-газ корпорациясы PETRONASтын өкүлдөрү менен да жолугушту. Жолугушуу компаниянын баш кеңсесинде өтүп, анда Кыргызстандын энергетикалык потенциалы жана жашыл энергия тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Министр Кыргызстанда суутек энергетикасын өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактары жана электр заряддоо станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландарын сунуштады. Ал ошондой эле PETRONASтын делегациясын Кыргызстанга келип, кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап практикалык кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>