Кыргызстан менен Монголия 13 багыт боюнча кызматташуу келишимине кол койду

Кыргызстан менен Монголия 13 багыт боюнча кызматташуу келишимине кол койду

21-июлда Бишкекте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ар кандай тармактарда кызматташууну бекемдеген 13 документке кол коюшту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө саясат, экономика, соода, транспорт жана айыл чарба тармактары негизги темалар болду. Мындан тышкары, санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштар жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кол коюлган негизги документтер:

  • Айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
  • Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү биргелешкен программалар;
  • Жүндү кайра иштетүү, археология, тарых жана маданият жаатында кызматташтык;
  • Улуттук маалымат агенттиктер менен телерадиокомпаниялардын өз ара иштешүү меморандумдары.

Эскерте кетсек, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 20-июлда келген. Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>