9-июлда Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки мамлекеттин көзөмөлдөө жана адам укуктарын коргоо институттарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.
Айрыкча, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, камакта кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мигранттарга укуктук жана гуманитардык жардам көрсөтүү кепилдиктерин күчөтүү маселелерине көңүл бурушкан.
«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу диалогду бекемдөөнүн, биргелешкен консультациялардын жана эки мамлекеттин жарандарынын укуктук корголушун камсыз кылуу боюнча аракеттерди координациялоонун зарылдыгын белгилешти»,- деп айтылат маалыматта.