Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов менен Орусия Федералдык салык кызматынын жетекчиси Даниил Егоровдун жумушчу жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар салык башкаруу тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча туруктуу кызматташтыкты жолго коюу маселеси да макулдашылды.
Кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Орусиянын ФСКнын санариптик чечимдери менен таанышып, өзгөчө көңүл «Честный знак» товарларды маркировкалоо системасына жана анын ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасындагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурушту.