Бул – өткөн айдын аягында Бишкекте Кыргыз-Россия Славян университетинин аянтчасында Кыргызстандын издөө кыймылдарынын, Кыргызстандын Ленинград блокадачылар коомунун, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын катышуусу менен уюштурулган «тегерек столдордун», лекциялардын жана мастер-класстардын жыйынтыгы.
«Кайтарылган ысымдар: жеңүүчүлөр муунунун эрдиги жөнүндө тарыхый эстутумду сактоо маселесине» тегерек столунун алкагында Свердлов облустук «Возвращение» коомдук уюмунун издөөчүлөрү аймактагы эвакуациялык госпиталдарда каза болгон Кызыл Армиянын аскер кызматчыларынын аты-жөнү жазылган тизмесин түзүү боюнча аткарылган иштер тууралуу айтып беришти. Кыргызстандык коомчулукка Кыргыз ССРинен чакырылып, Свердловскинин госпиталдарында курман болгон кызыл армиячылардын сөөгү коюлган жерлер жана орнотулган мемориалдар жөнүндө так маалыматтар камтылган тизмелер берилди. Мындан тышкары, кыргызстандык окуучулар үчүн архивдик-издөө иштерин уюштуруу боюнча мастер-класс өткөрүлдү.
«Биз свердловскиликтердин демилгесин кубануу менен колдойбуз жана мындай теле көпүрөлөрдү жыл сайын өткөрүү салтка айлантабыз. Бул бизге кесипкөйлүк менен жардам берип жаткан өнөктөштөр менен тажрыйба жана ишибиздин жыйынтыктары менен бөлүшүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Маселен, эвакогоспиталдардын ишин уюштуруу – бул биз Свердлов облусунан үйрөнө турган тармак. Бирок эң негизгиси – биз менен бир багытта чын дилинен ойлонгон жана эмгектенген адамдардын колдоосун жана жөлөгүн сезүү», — деп баса белгиледи Кыргызстандын Ленинград блокадачылар коомунун төрагасы Марат Кутанов.
Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш маалында эвакуациялык госпиталдарда курман болгондордун элесин сактоо – бул өткөнгө болгон сый-урмат гана эмес. Бул – биздин элдерибиздин эркиндигин жана келечегин коргогон муундун алдындагы моралдык парзыбыз. «Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда, Свердлов облусундагыдай эле, ондогон эвакогоспиталдар жайгаштырылган. Айрым маалыматтар, айрыкча сөөк коюлган жерлерге тиешелүүлөрү, ушул күнгө чейин туугандарына белгисиз бойдон калышы мүмкүн же жоокерлер дайынсыз жоголгондордун катарында болушу ыктымал. Көбүнчө унутулуп калган алардын ысымдары урпактарга кайтарылышы керек. Бул тарыхый адилеттүүлүк маселеси гана эмес, жаштарды патриоттук духта тарбиялоонун маанилүү бөлүгү. Анын ичинде муниципалитеттер менен биргелешкен иштерди жүргүзүү, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын мүрзөлөрүнө эстелик белгилерин орнотуу зарыл. Мындай демилгелер – муундар жана аймактар ортосундагы бекем көпүрөнүн пайдубалы, эстутумдун тирүү экендигинин жана жашай береринин далили», — деп баса белгиледи депутат.