Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча биргелешкен планга кол коюшту

Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча биргелешкен планга кол коюшту

Кыргызстан менен Татарстанстандын өкмөттөрү 2025-2027-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен иш-чаралар планына кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев менен Татарстандын Раиси Рустам Минниханов жолугушуусунда кол коюлду.

Жолугушууда Данияр Амангельдиев Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп, чыңдалып жатканын баса белгилеген. Ошондой эле ал Татарстан менен инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирген.

Өз кезегинде Рустам Минниханов жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес миссияларын уюштурууну, ошондой эле санариптик жана финансылык кооперацияны жана билим берүү демилгелерин ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>