Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 05:54тө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында — 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.