25-апрелде соода боюнча кыргыз делегациясы Анкара шаарынын эң ири Çitlekçi жана Çağdaş соода түйүндөрүнө барышып, кыргыз-түрк соода кызматташтыгын бекемдөө маселесин карашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.
Делегациянын өкүлдөрүн «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров жетектеп барган.
Анда кыргыз делегациясына жогоруда аталган соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгү, алардын бизнес-моделдери, логистикасы, жеткирүүчүлөр менен иштөө ыкмалары жана продукциянын ассортименти жөнүндө маалымат алышкан.
Ошондой эле тараптар Кыргызстандын продукциясын Түркияга түз жеткирүүнүн келечеги тууралуу сүйлөшүшкөн.
Кыргыз тарап экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетилген товарларды Çitlekçi жана Çağdaş соода түйүндөрүнүн соода текчелерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экендигин билдирген.
Ал эми түрк компанияларынын өкүлдөрү бул багытта кызматташууга даяр экендиктерин билдиришкен.