Бишкекте Кыргыз Республикасынын Социалдык эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Корея Республикасынын Кадрларды өнүктүрүү жана даярдоо глобалдык институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болду.
Документке борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев жана институттун жетекчиси Чой Ин Сон кол коюшту.
“Меморандум кыргызстандыктардын Кореяда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кесиптик алмашууну өнүктүрүүгө жана ишке орноштуруу, миграция жана билим берүү тармагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.