Кыргызстан өнөр жайды тездетет: Касымалиев «Иннопром. Беларусь» көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КМШга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчылары менен биргеликте «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Көргөзмөнүн алкагында өткөрүлгөн «Жаңы технологиялар союзу: келечектин өнөр жайын түзүү» пленардык жыйында ал сөз сүйлөдү.
Делегация катышуучулары улуттук павильондор менен таанышып, Кыргызстан павильонунда 10го жакын ишкананын продукциялары көрсөтүлгөнүн көрүштү. Атап айтканда:
- радиаторлор жана жылуулук алмаштыргычтар,
- Майлуу-Суу лампа заводу жана «Дастан» ТНКнын продукциялары,
- электромотороллерлер, компьютердик техника, жеңил өнөр жай буюмдары ж.б.
Адылбек Касымалиев экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, 2025-жылдын январь-август айында экономика 11% өстү, өнөр жай ИДПнын 18%ын түздү деп билдирди. Ал ошондой эле 2024–2025-жылдары 179 өнөр жай объектиси ишке киргизилип, 1,1 млрд АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылып, 14 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн кошумчалады.
Төрага Кыргызстан өнөр жайды өнүктүрүүнү экономикалык саясаттын приоритети катары көрөрүн белгилеп, инновациялар жана өнөр жай чечимдери эркин айланган бирдиктүү технологиялык мейкиндикти түзүүдө зор потенциал бар экенин айтты.
«Кыргызстан өнөктөштөр менен биргеликте «Жаңы технологиялар союзун» курууга даяр – өлкөлөрүбүздүн элинин бакубаттуулугу жана гүлдөп өсүшү үчүн», – деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.