Кыргызстан орус шоколадын эң көп импорттогон өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан орус шоколадын эң көп импорттогон өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан Орусия шоколадын эң көп импорттогон беш өлкөнүн катарына кирди. Ушул жылдын алгачкы төрт айында өлкөгө шоколад жеткирүүнүн көлөмү 14,7 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу РИА Новости өлкөлөрдүн соода статистикасына жана БУУнун Comtrade платформасынын маалыматтарына таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Казакстан орус шоколадын эң көп сатып алган өлкө болуп, импорттун көлөмү 78,3 миллион долларга жеткен. Алдыңкы бештикке Азербайжан (23,4 миллион), Өзбекстан (21,4 миллион), Кыргызстан (14,7 миллион) жана Грузия (8 миллион доллар) кирген.

Ошондой эле ондукка Кытай (7,4 миллион), Армения (5,7 миллион), Сербия (3 миллион) жана Молдова (2,4 миллион доллар) кирген. Эң аз көлөмдөгү сатып алуу Германияда катталып, 2,1 миллион долларды түзгөн.

Орус шоколадын импорттогон алдыңкы 15 өлкөнүн ичинен Болгария акыркы жылда суроо-талап эң көп өскөн өлкө болуп калды. Бул өлкөдө сатып алуу көлөмү 4,1 эсеге жогорулаган. Ошондой эле Сауд Аравиясында (1,8 эсеге) жана Казакстан, Сербия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө да импорт көлөмү 1,3 эсеге көбөйгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>