Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстан Орусиядан импорттолгон электр энергиясынын көлөмүн былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,2% көбөйттү. Бул тууралуу казакстандык «Самрук-Энерго» холдинги жарыялаган маалыматта айтылды.
Маалыматта айтылгандай, «Интер РАО» ишканасы Кыргызстанга жалпы 183,9 млн кВт⋅с электр энергиясын жеткирген.
Импорттолгон электр энергиясынын болжол менен 70%ы «Электр станциялары» ААКына жөнөтүлгөн, ал эми калган бөлүгү майнинг менен алектенген «Соларкоин» компаниясына берилген. Муну менен катар жеткирүүлөрдүн көлөмүндө олуттуу айырмачылыктар байкалган: «Электр станциялары» үчүн жеткирүү 2,9 эсеге көбөйсө, «Соларкоинге» 56,9% азайган.