«Кыргызстан» саясий партиясы өлкөдө «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнү, заманбап, жогорку технологиялуу жана экологиялык таза ресурстарды колдонууну жактайт.
«Жашыл экономика» – бул адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө жана социалдык адилеттүүлүктүн бекемделишине, экологиялык тобокелдиктердин азайышына, табигый капиталды сактоого жана көбөйтүүгө, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого түрткү берген тармак.
Партия белгилегендей, Кыргызстанда «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп энергетика, айыл-чарба, өнөр-жай, экотуризм саналат.
Жаратылыш ресурстарын интенсивдүү, тутумдаштырылбаган, сарамжалсыз пайдалануу кыска мөөнөттө экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул олуттуу терс натыйжаларга алып келет. Мисалы: жакырчылыкка, булганган абанын жана сапатсыз ичүүчү суунун кесепетинен калктын саламаттыгынын начарлашына, азык-түлүктүн жана энергиянын жетишсиздигине таасир тийгизет.
Азыртан эле Кыргызстанда кооптуу тенденциялар байкалууда. Деградацияланган же жок болуу процесстерине дуушар болгон айыл-чарба жерлеринин аянты өсүүдө. Кыргызстанда жерлердин деградациясынын көпчүлүгү айыл-чарба багытындагы жерлерди туура эмес пайдалануунун, жайыттарды ашыкча пайдалануунун жана сугат жана суу чарба тутумдарынын начар иштешинен пайда болот. Жалпысынан алганда, ушул факторлор калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.
Мындан тышкары, абанын булгануусу адамдардын ден соолугуна жана экосистеманын туруктуулугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле техникалык инфраструктура элементтеринин дат басышын күчөтөт. Абанын булгануу көйгөйү өлкөнүн ири шаарларында өзгөчө курч турат.
Эксперттердин эсеби боюнча, негизги булгоочу заттардын 87%дан ашыгы абага жыл сайын көбөйүп жаткан автоунаалардан кирет. Бул саламаттыкты сактоого чыгымдардын көбөйүшүнө, экосистемалардын жоголушуна жана инфраструктураны кармоого кошумча экономикалык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. «Кыргызстан» партиясы белгилегендей, ушул факторлордун бардыгы өлкөдөгү “жашыл экономикага” өтүү зарылдыгын жана актуалдуулугун көрсөтүп турат.
Өлкөдө «жашыл экономиканы» өнүктүрүү үчүн энергияны натыйжалуу колдонуу жана үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактардан өндүрүү, шаардык жана айылдык аймактарда суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптация болууга, экосистеманы көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча экосистемалык мамиле кылуу тарапка мамлекеттик саясатты өзгөртүү керек. Акыр-аягы, бардык өзгөртүүлөр адамдын жашоосунун сапатына жана айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизиши керек.
Өлкөдө “жашыл экономиканы” өнүктүрүү үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат:
- отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгын жогорулатуу жана энергетикалык компаниялардын чыгашасыз иштөөсүн камсыз кылуу;
- заманбап энергияны үнөмдөөчү технологиялык чараларды киргизүү, энергетикалык секторду башкаруу тутумун өркүндөтүү, ошондой эле кошумча генерациялык кубаттуулуктарды (ГЭСтер жана кайра жаралуучу энергия булактары) киргизүүнү тездетүү;
- имараттарды жаңыртууга ылайыктуу заманбап технологиялык чечимдерди ишке ашыруу, бул жерде эң жөнөкөй долбоорлор да 40%га чейин энергияны үнөмдөөнү камсыз кылат;
- жеке ишкерлердин көмүртеги аз отунга же электр энергиясына өтүүсүн стимулдаштыруу;
- Кыргыз Республикасында электр кубаттоочу инфраструктураны түзүү;
- газ жана электр энергиясын колдонгон коомдук транспорттун үлүшүн көбөйтүү;
- жер жана суу ресурстарын ачык-айкын, сарамжалдуу башкарууну киргизүү;
- органикалык айыл чарба рыногун өнүктүрүү;
- дыйкан чарбаларынын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү;
- алдыңкы агрардык чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү;
- дыйкандарды жашыл айыл чарба ыкмаларына үйрөтүү;
- дыйкандарга жеткиликтүү заманбап, көз карандысыз лабораторияларды, ошондой эле органикалык продукцияны өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү;
- органикалык жер семирткичтердин импортуна салык ставкаларын кайра карап чыгуу жана биологиялык продуктуларды жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчүлөргө алардын өндүрүшүн стимулдаштыруу үчүн салык жеңилдиктерин берүү;
- органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду жана соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү;
- кооперацияларды түзүү жана айыл чарба продукциясынын майда болуп кетүүсүнө жол бербеш үчүн заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу стимулдаштыруу;
- сугат суусун жеткирүү боюнча тарифтик саясатты реформалоо жана айыл чарба кызматкерлерине карата салык саясатын өзгөртүү;
- “жашыл экономикага» өтүү үчүн жеңилдиктерди же субсидияларды стимулдаштыруу үчүн салык мыйзамдарын талдоо;
- дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды, лизингдик шаймандарды берүү.
«Жашыл экономика» — бул экономикалык көз карандысыздыктын негизи!
“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а