Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантат

03.03.2026 | 17:48

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясынан жарандарды эвакуациялоо боюнча иштер башталганын билдирди.

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Flynas» авиакомпаниясы менен макулдашуу түзүлдү. Ага ылайык, 2026-жылдын 4-мартынан тартып Жидда – Ош багыты боюнча авиакаттамдар кайра жанданат.

Учуулар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Ошону менен бирге Жидда – Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын жумасына үч ирет аткарууну калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча чараларды көрүүнү улантарын билдирди.

Буга чейин өлкө башчы Бириккен Араб Эмираттарынан Оман аркылуу 300дөй кыргызстандык жаран эвакуацияланарын билдирген.

Scroll to Top