Кыргызстандык спортчу көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Злата Аркатова алтын медаль жеңип алды.
Байге үчүн таймаш Болгариянын борбору София шаарында өтүп, Злата клубдар менен машыгуу программасында 25,6 упай топтоп, дүйнөлүк чемпиондук наамга ээ болду.
Бул — Кыргызстандын гимнастика тарыхындагы алгачкы алтын медаль.
Күмүш байге Египеттен келген Фарида Бахнаска, ал эми коло медаль Польша өкүлү Ксения Жижичке ыйгарылды.
Турнирде Кыргызстандын атынан эки гимнаст — Злата Аркатова жана Асел Арапова — катышып, өлкөнүн намысын коргошту. Злата квалификациялык айлампада бешинчи орунду ээлеп, финалда күчтүү таймашта биринчи орунга көтөрүлө алды.
Жаш чемпион Злата Аркатова учурда улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Жаңыл Каймазарова жана «Ак Барс» спорт клубунун балетмейстери Гүлнар Мамыркулованын жетекчилиги астында машыгат.