Кыргызстан жана Түркия трансплантология жаатында кызматташтыкты чыңдоодо

18-августта Р. Т. Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Нуруллах Окумуш жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өзгөчө трансплантация жана заманбап дарылоо ыкмаларын Кыргызстанда киргизүү маселелери талкууланды. Айрыкча улуттук кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Эркин Чечейбаев негизги максат — биргелешкен операцияларды гана өткөрүү эмес, трансплантология боюнча адистерди даярдоо экенин белгиледи. Ал эми Нуруллах Окумуш хирургдарды, анестезиологдорду, медайымдарды жана операциядан кийинки коштоону камсыз кылган адистерди даярдоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эркин Чечейбаев Түркиялык делегация менен биргеликте түрк дарыгерлери тарабынан ийгиликтүү бөйрөк трансплантациясы жасалган донор жана реципиенттин абалы менен таанышты.
Министрликтин айтымында, жакынкы күндөрү түрк адистери дагы бир нече операция өткөрүшөт. Бардык трансплантациялар Кыргызстандын жарандарына акысыз жүргүзүлүп, зарыл каражаттар мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.