Кыргызстанда 2800 үй-бүлөгө чакан ишкана ачуу үчүн ар бирине 100 миң сомдон берилет. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртат. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыйында билдирди.
Мындай колдоо февраль айында Кадамжай районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча социалдык контракт ишке киргизилген.
Жогоруда айтылган максаттарга 292 миллион сом бөлүнөт.