Кыргызстанда 950 миңден ашык бала жакырчылыктын чегинен төмөн жашайт

Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылыктын деңгээли 33%ды түзөт. Бул көрсөткүч көп балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында өзгөчө жогору болуп, жалпысынан 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн шарттарда жашайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-январда Жогорку Кеңештин «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун жыйынында билдирип, бул Кыргызстан үчүн өтө жаман көрсөткүч экенин айтты.
Байсаловдун маалыматына ылайык, статистикалык органдар жылына киши башына 65 миң 417 сомдон төмөн акчалай кирешеси бар жарандарды жакыр деп эсептейт. Өлкөдөгү жалпы жакырчылыктын деңгээли боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
- Пандемия учурунда — 30%га чейин жеткен;
- Өткөн жылдын орто ченинде — 25,7%;
- Учурда — 25%дын тегерегинде.
Эдил Байсалов жакырчылыкты жоюу боюнча мамлекеттик органдар кандай гана иш алып барышпасын, жакырчылыктын көрсөткүчү өтө жай деңгээлде, башкача айтканда, жылына орточо 2%га гана төмөндөй турганын белгиледи. Ошондой эле алдыдагы жылдары бийлик өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин 15-20%га түшүрүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Байсаловдун айтымында, ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкы 7 млн 700 миңден ашкан. Анын ичинде 4 млнго жакын адам (57%) элет жергесинде жашайт. Ал эми 18 жашка чейинки жарандардын саны 1 миллион 800 миңдин тегерегин түзөт.