Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат

27.03.2026 | 17:48

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) агроөнөр жай секторундагы стратегиялык долбоорду ишке ашырууга киришти. Фонд иштеп жаткан «Экопродукт Азия» ишканасынын базасында «Нукура Про» сүттү кайра иштетүүчү заводунун курулушун каржылайт. Өндүрүштү ишке киргизүү 2026-жылдын августуна пландаштырылган.

Долбоорго жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 10 млн АКШ долларын түзөт, анын 5,5 млн доллардан ашыгын РКӨФ бөлдү. Долбоорго ылайык, завод ай сайын төмөнкүдөй көлөмдө продукция чыгарат:

  • 1 000 тоннага чейин сүт;
  • 100 тонна каймак.

Бул Кыргызстандын сүт азыктарына болгон муктаждыгынын 25 пайызына чейинкисин ата мекендик өндүрүштүн эсебинен жабууга мүмкүндүк берет.

Ишкана продукцияны сактоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берүүчү алдыңкы жабдуулар менен жабдылат. Пастеризацияланган сүттүн жарактуулук мөөнөтү 28 күнгө чейин, ал эми ультрапастеризацияланган сүттүкү (Tetra Pak таңгагынын жардамы менен) 9 айга чейин жетет. Мындай мүнөздөмөлөр ата мекендик өндүрүүчүгө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө масштабдуу жеткирүүлөрдү жүргүзүүгө жол ачат.

Долбоорүн негизги максаттарынын бири — импортту алмаштыруу. Жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен керектөөчүлөр үчүн сүттүн баасы импорттук аналогдорго караганда орточо эсеп менен 30 пайызга арзан болору күтүлүүдө.

Заводдун ишке кириши Чүй облусунун аграрийлерине олуттуу колдоо көрсөтөт:

  • чийки зат жеткирүү чынжырына аймактагы 1 000ге чейинки фермердик чарбалар тартылат;
  • ишкананын өзүндө 70ке жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков бул демилгенин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Ушул жылдын август айында жаңы өндүрүштү ишке киргизүү күтүлүүдө. Ал Кыргыз Республикасынын муктаждыгынын төрттөн бир бөлүгүн өз өндүрүшүбүздүн эсебинен жабууга, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирген коңшу өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдү арттырууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Артем Новиков.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында жүргүзүлүүдө жана калкты жеткиликтүү баада дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу азыктар менен камсыз кылууга багытталган.

Scroll to Top