Кыргызстанда балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Чүйдүн Арчалы айылына «Максат» реабилитациялык борборунун базасында заманбап реабилитациялык шаарчаны куруу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов аталган борборго барып, шаарча курула турган аймак менен таанышты.
Долбоор балдардын церебралдык шал оорусу, аутизм спектринин бузулуусу, Даун синдрому жана өнүгүүнүн кечигүүсү менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган. Шаарча реабилитология боюнча билим берүүчү жана илимий-усулдук функцияларды аткарат.
Шаарчада төмөнкүлөр жайгашат:
- Стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация үчүн бөлүмдөр;
- Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн 150 орундуу борбор;
- Аутизм жана Даун синдрому бар балдар үчүн коррекциялык борбор;
- Ата-энелер жана медициналык кызматкерлер үчүн жатакана;
- Билим берүүчү жана усулдук блок.
Шаарчада мындан тыкшары реабилитация залдары, гидротерапия үчүн бассейн, физикалык терапия, массаж, сенсордук интеграция, эрготерапия, логопедия жана психология кабинеттери каралат. Ошондой эле функционалдык жана ультраүндүк диагностика бөлмөлөрү, эмгек терапиясынын зоналары, оюн аянтчалары жана иппотерапия (ат менен дарылоо) элементтери камтылат.
Борбордун иши далилдүү медицина принциптерине жана ар бир балага өзүнчө түзүлгөн индивидуалдык программаларга негизделет. Долбоордун алкагында реабилитология тармагындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселесине көңүл бурулат.