Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Өлкөдө 1-январда дизель майы 57,9 сом болсо, 1-февралда 60,16 сом болду.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,33 сомго — 59,21 сомдон 60,54 сомго кымбаттады.
АИ-95тин баасы 0,53 сомго — 64,73 сомдон 65,26 сомго кымбаттады.
Буга чейин Улуттук банк күйүүчү майдын кымбатташы 2022-жылдагы инфляцияга кошумча салым кошуп жатканын билдирген.