Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы 182 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус жана пневмониянын жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек — 23
Ош – 7
Чүй облусу – 23
Ош облусу — 20
Талас облусу – 9
Нарын облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 44
Баткен облусу – 37.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында илдетти жуктургандардын жалпы саны 42 миң 507ге жетти.