Кыргызстанда буудай жана кант кызылчасы тиешелүүлүгүнө жараша 13,1% жана 12,1% азайган. Маалыматты Улуттук статистикалык комитети жарыялады.
23-майга карата жаздык эгиндин жалпы аянты 5 гектарга көбөйдү. Өсүү пахта эгиндерин — 9,5%, жаздык арпаны — 9%, май өсүмдүктөрүн — 4% жана картошканы 3% көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.
Муну менен катар жаздык буудайдын (-13,1%), буурчак өсүмдүктөрүнүн (-5,5%) жана кант кызылчасынын (-12,1%) айдоо аянттары кыскарган.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүүсү Чүй облусунда 6,5%га, Баткен облусунда 5,4%га жана Нарын облусунда 4,8%га белгиленди.