Кыргызстанда C5+O.N.E. Борбор Азияда англис тилин колдонууну кеңейтүү программасы башталды

Кыргызстандын мамлекеттик органдары, жеке жана жарандык сектордун өкүлдөрү C5+O.N.E. программасынын катышат. АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган бул программа Борбордук Азиянын экономикасында англис тилин колдонууну кеңейтүүгө багытталган.
Программага Борбордук Азиянын өлкөлөрүнөн 800дөн ашык мамлекеттик жана бизнес структуралардын жетекчилери, коммерциялык эмес сектордун жана медиа өкүлдөрү катышат. Алар «Экономика үчүн англис тили» курсун окуп, америкалык адистер менен таанышып, профессионалдык байланыштарын өнүктүрүшөт.
Программа учурунда катышуучулар тогуз ай бою курстардан өтүп, англис тилин өнүктүрүүгө, трансчегаралык байланыштарды түзүүгө жана Борбордук Азия адистерин башка региондор жана АКШдагы кесиптештери менен кызматташууга даярдоого багытталган профессионалдык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат.