Кыргызстанда электр тармактары оңдолууда — жарык маал-маалы менен өчүшү мүмкүн
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК алдыдагы күз-кыш мезгилине (ККМ) энергообъекттерди даярдоонун алкагында кеңири масштабдагы оңдоо өнөктүгүн жарыялады. Компаниядан иштер жүрүп жаткан маалда электр энергиясын берүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин эскертишти.
Пландык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар расмий ресурстарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жарыяланып турары белгиленет.
Компаниянын маалыматына ылайык, 110 кВ чыңалуудагы 10 көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле 6-10/0,4 кВ көмөкчордондордо 248 трансформаторду орнотуу жана алмаштыруу пландалууда.
Мындан тышкары, 35-500 кВ чыңалуудагы көмөкчордондордогу 216 даана жабдууну оңдоо жана 564 даана жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү каралган.
Энергетиктер 35-500 кВ чыңалуудагы 927,8 чакырымга жакын жана 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2398,2 чакырым электр берүү линияларын (ЭБЛ) оңдошот, ошондой эле 21 миң 321 комплекттүү трансформатордук көмөкчордонго капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
Ошондой эле, өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды (СИП) колдонуу менен 6-10 кВ чыңалуудагы 226 чакырымга жакын жана 0,4 кВ чыңалуудагы 533 чакырым линияларды куруу жана реконструкциялоо каралган.
Иштин жүрүшүндө ЭБЛ трассаларын тазалоо — 11 миң 973,6 чакырым линиянын боюндагы бак-дарактардын бутактарын бутоо иштери жүргүзүлөт, бул авариялык өчүрүүлөрдүн коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.