Кыргызстанда эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган.
“Мында 45,7 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон”, — деп айтылат маалыматта.
Статистикалык комитеттен белгилешкендей, 2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз