Кыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосу

14.09.2025 | 12:00

Паспорт-айди карта — бул жарандардын жеке маалыматтарын камтыган расмий идентификациялык документ.

  • Кыргызстандын ар бир жараны 16 жашка чыкканда идентификациялык карта (ID-карта) алат.
  • Ал паспорттун жаңы формасы болуп эсептелет жана мурунку кагаз паспортту алмаштырат.
  • Картанын ичинде жарандын сүрөтү, аты-жөнү, туулган күнү, жеке идентификациялык номери (ЖИН), жарактуулук мөөнөтү сыяктуу маалыматтар камтылат.
  • Электрондук чип орнотулгандыктан, аны колдонуу ыңгайлуу жана коопсуз.
  • Мамлекет ичинде өздүгүңдү тастыктоо үчүн, ошондой эле чет өлкөгө чыгууда (айрым өлкөлөргө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берет) колдонулат.

Паспорт алуу же алмаштыруунун жолдору:

Кыргызстанда ID-паспортту төмөнкү эки негизги жол менен алууга болот: Калкты тейлөө борбору (КТБ) аркылуу жеке кайрылуу жана Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу (жарандардын белгилүү категориясы үчүн).

Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу кызматы

2024-жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт алмаштырууга арыз бере алышат. Бул кызмат жарандардын КТБга барып кезек күтүүсүз эле үйдөн чыкпай паспорт алмаштыруусуна мүмкүнчүлүк берет.

Кызматты кимдер колдоно алат?

Жаңы үлгүдөгү (2017–2024-ж.) биометрикалык ID-паспорттун ээлери;

Паспортунун мөөнөтү бүтүп жаткан же бузулган, жоголгон жарандар;

Жеке маалыматтарды жаңырткысы келгендер.

Бул кызмат эски үлгүдөгү (кызыл түстөгү) паспортторго карата колдонулбайт. Мындай учурда КТБга жеке кайрылуу талап кылынат.

Ал эми алгачкы жолу ID-паспорт алуу үчүн сөзсүз түрдө КТБга баруу керек.

Tunduk тиркемесин ачыңыз жана “ID паспортту алмаштырууга онлайн арыз” бөлүмүнө өтүңүз.

Алмаштыруунун себебин тандаңыз:

  • Паспорттун жоголушу
  • Сынып же жарактпан чыгып калуу
  • Жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү
  • Жеке маалыматтарды өзгөртүү

Фото идентификациядан өтүңүз – тиркеме аркылуу селфи тартуу аркылуу өздүгүңүз тастыкталат.

Жаңы паспортту кайдан аласыз – КТБны тандаңыз.

Мамлекеттик алымды онлайн төлөңүз – төлөм түз эле тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

Арыздын кароосу (1–3 күн) – документтер текшерилип, жыйынтык тиркеме аркылуу билдирилет.

Даяр паспортту тандалган КТБдан алыңыз – өздүк документтердин түп нускалары менен баруу зарыл.

Паспорт алуу мөөнөтү

Арыз тапшыргандан кийин, адатта 1–3 иш күнүнүн ичинде паспорт даяр болот. Паспорт даяр болгону тууралуу Tunduk тиркемеси аркылуу билдирүү келет. Андан соң жаран өзү тандаган КТБга барып, жаңы ID-картасын алып кетиши керек.

Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-паспортту онлайн алмаштыруу кызматы – бул Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн маанилүү кадамы. Бул система жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик мекемелердеги кезекти азайтуу менен ыңгайлуулукту камсыз кылат.

Scroll to Top