Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Интернетке монополия: 15-августтан тарта “ЭлКат” гана өлкөгө интернет алып келет
29.07.2025 | 09:57
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 15-августтан тарта интернетти өлкөгө алып келүү укугу бир жылга мамлекеттин колуна өтөт.
Бул укук толугу менен мамлекеттик “ЭлКат” компаниясына берилет. Башка интернет операторлору жакынкы 2 ай ичинде өзүнүн бардык эл аралык келишимдерин “ЭлКатка” өткөрүп бериши керек болот.
Мындан тышкары, “Акнет” компаниясынын 100% үлүшүн да “ЭлКаттын” карамагына өткөрүп берүү тапшырмасы коюлду.
Жарлыкта бул кадам байланыш тармагын иретке келтирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында жасалып жатканы белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар