Кыргызстанда ишкер аялдарды каржылоо кодексинин расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Иш-чарага экономика министринин орун басары Санжар Болотов катышып, аялдардын ишкердиги улуттук экономиканы чыңдоодо негизги ролду ойной турганын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2022–2026-жылдарга карата аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелер ишке ашырылып жатат. Алардын катарына банктар жана фонддор аркылуу жеңилдетилген насыя жана кепилдик берүү, окутуу программаларын ишке киргизүү, санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана социалдык облигацияларды чыгаруу кирет.
Ишкер аялдарды каржылоо кодекси Улуттук банк тарабынан Европа реконструкциалоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Экономика министрлигинин колдоосу менен иштелип чыккан.
Кодекстин ишке ашырылышы эки багытта жүрөт:
- Аялдарды колдогон Улуттук каржы институттарынын коалициясын түзүү;
- Аялдардын чакан жана орто ишканалары (WSME) боюнча улуттук маалымат чогултуу жана анализдөө системасын өнүктүрүү.
Бүгүнкү күндө Кодекске 10 алдыңкы каржы уюму кошулду, алардын ичинде:
Коммерциялык банктар: «Банк Компаньон» ЖАК, «Бакай Банк» ААК, «Оптима Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК;
Микрофинансылык жана кепилдик уюмдар: «Байлык Финанс» ЖАК МКК, «МФК ОКСУС» ЖАК, Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонду.