Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 инфекциясынын көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан маалымдашты.
Бул мезгилге чейин иммундук системаны чыңдоо зарыл экени белгиленет.
«Ошондой эле вируска каршы антителолорду иштеп чыгуу маанилүү. Вакцина барына даба эмес, бирок адам өмүрүн сактап калат. Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар. Ар биринин эффективдүүлүгү жогору», — деп белгилешти штабдан.