Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кыргызстанда “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” боюнча рейддер жүрүп жатат
21.08.2025 | 09:30

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-августтан бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузган айдоочуларга жалпы 97 млн 973 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Рейддердин негизги себеби – акыркы күндөрү оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын катышуусунда бир катар жол кырсыктары катталып, адам өмүрүн алган учурлар орун алгандыгына байланыштуу.
Ошондой эле башкармалыктан белгилешкендей, оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду булгап же талкалап коюу фактылары да байкалууда.
Рубрики: Жаңылыктар