Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.
Эл өкүлү Дастан Бекешев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдон Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн мыйзамда президенттик шайлоонун күнү катары көрсөтүүнү суранды.
Белгилей кетсек, буга чейинки Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, 7-чакырылышы 29-декабрда ишин баштаган.