Кыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдү

Кыргызстанда лянга оюну расмий спорттун түрү катары таанылып, атайын федерация түзүлдү. Федерациянын жетекчиси болуп аны түзүүнү демилгелеген Болотбек Марипов дайындалды.
Марипов «Слово Кыргызстана» гезитине берген маегинде лянга оюну VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көрсөтмөлүү спорт түрлөрүнүн программасына киргизилгенин билдирди.
Анын айтымында, лянга оюну 1950-80-жылдары балдар арасында популярдуу болгонун, дал ушул оюн өспүрүмдөрдө шамдагайлыкты жана чыдамкайлыкты өстүрө алган.
“Эгер бул оюнду сактап калгыбыз келсе, аны расмий деңгээлге көтөрүү керек деген ой пайда болду. Ошентип Лянга федерациясы түзүлдү. Кыргызстан дүйнөдө бул оюнга расмий статус берген алгачкы өлкө болуп калды окшойт”,- деп билдирген ал маегинде.
Мындан тышкары ал федерация Кыргыз улуттук университети (КУУ) менен кызматташуу меморандумуна кол койгонун билдирди. Анын алкагында, лянга дене тарбия сабактарынын программасына кирет. Ошондой эле анын айтымында, жакында лянга оюну боюнча ЖОЖдор аралык турнирлер өтөт.
“Биздин максат — лянганы спорттук разряддары, спорт чеберлери жана улуттук курама командасы бар эл аралык спорттун түрүнө айлантуу. Биздин спортчулар казакстандык, өзбекстандык, тажикстандык жана башка командалар менен мелдешип турушун каалайбыз”,- деген ал.