Кыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталды

09.10.2025 | 17:30

Кыргызстандын экономисттери жана улуттук коопсуздук жаатындагы эксперттери улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана КМШ боюнча салттуу өнөктөштөр менен кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл буруу менен тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууну сунушташты.

Экономика илимдеринин доктору, Борбор Азиядагы аймактык экономикалык кызматташтык институтунун мурдагы директору Кубат Умурзаков белгилегендей, бул тармак бир катар системалуу көйгөйлөргө туш болууда: кадрлардын тартыштыгы, геологиялык чалгындоонун сапатынын төмөндүгү, кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу жана мамлекеттик үлүштүн натыйжасыз башкарылышы.

“Бизге тоо-кен тармагынын келечегин аныктай турган концепция жана стратегия керек. Совет мезгилинде бизде бир гана казуу менен эмес, кайра иштетүү менен алектенген тоо-металлургиялык комбинаттар бар болчу. Азыр болсо адистер да, каражат да жетишсиз. Биз потенциалы жана тажрыйбасы бар өнөктөштөрдү аныкташыбыз керек. Кыргызстандын көп багыттуу саясатын эске алуу менен, чет элдик кеңешчилердин сунуштарынын кайсылары чындап биздин кызыкчылыктарга жооп берерин түшүнүү маанилүү”, — деп белгиледи эксперт.

Умурзаковдун айтымында, учурдагы шартта тармакты өнүктүрүүдө тарыхый кызматташтыкты жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча биргелешкен долбоорлорду эске алуу менен Орусия багытына көңүл буруу максатка ылайыктуу.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин мурдагы биринчи орун басары, философия илимдеринин кандидаты Мурат Бейшенов бул позицияны колдоп, өлкөнүн минералдык запастарына аудит жүргүзүп, тармакты өнүктүрүүнүн жаңыланган стратегиясын даярдай турган авторитеттүү улуттук комиссия түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанда сейрек кездешүүчү металлдардын, анын ичинде келечектеги атомдук энергетика үчүн маанилүү болгон торийдин ири запастары бар. Биз бул ресурсту чет элдик компанияларга бербешибиз керек. Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган стратегиялык байлык”, – деди Бейшенов.

Ал Батыш компанияларын тартуу экономикалык көз карандысыздыкты жоготуу жана саясий көзкарандылык коркунучун жаратарын белгиледи. Анын айтымында, Орусия менен кызматташуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алып, саясий диалог алкагында өз ара туура мамиле түзүүгө мүмкүндүк берет.

“Батыш компаниялары өз кызыкчылыктарын гана көздөйт жана экономикалык инструменттерди саясий басым жасоо үчүн колдонушу мүмкүн. Кыргызстан ШКУ жана ЕАЭБ мүчөсү катары биз менен жалпы экономикалык жана технологиялык мейкиндикти бөлүшкөн өнөктөштөр менен өнүгүшү керек”, – деди ал.

Бейшенов ошондой эле төмөнкүлөрдү сунуштады:

  • жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдарды тартипке келтирүү;
  • сейрек кездешүүчү металлдардын запастарын толук инвентаризациялоо;
  • активдерди сатуу менен ресурстарды улуттук экономиканы өнүктүрүүгө пайдалануунун узак мөөнөттүү тең салмагын аныктоо.

«Биз Батыш корпорацияларынын көзөмөлүнө түшүп, өлкөнүн байлыгын жоготуп коюу сыяктуу геосаясий тузакка кабылбашыбыз керек. Кыргызстан көз каранды болбостон, өнөктөштүккө таянып, экономикасын өнүктүрүшү зарыл», — деп жыйынтыктады эксперт.

Scroll to Top