Кыргызстанда спорттун 5 түрү улуттук реестрге катталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, улуттук реестрге спорттун жаңы беш түрү катталды.
Каттоого кирген спорттун түрлөрү:
- Бадминтон – “С” тайпасы;
- Дистанциялык ат чабыш;
- Грепплинг – “С” тайпасы;
- Спорттук ориентация – “С” тайпасы;
- Пенчак силат – “С” тайпасы.