Кыргызстанда жыл башынан бери кагаз жана картон өндүрүшү өстү. Улуттук статистикалык комитеттин отчетуна ылайык, өндүрүштүн физикалык көлөмү 50,1%га жогорулады.
Алсак, жыл башынан бери 262,7 миллион сомго кагаз жана картон, өткөн жылы 219,6 миллион сомдук продукция чыгарылган.
Апрелде өндүрүш көлөмүнүн кескин өсүшү байкалды. Өткөн айда өндүрүш дароо 78,4% га жогорулаган.