Экөө өлүп калган! Беш ителгини чет өлкөгө ташып бараткан адам кармалды — видео

Экөө өлүп калган! Беш ителгини чет өлкөгө ташып бараткан адам кармалды — видео

Кыргызстандын аймагынан 5 ителгини алып чыгууга араке кылган адам “Манас” аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30да чамасында катталган.

Аэропортунун жүк ташуучу терминалын кармалган шектүү 25 жаштагы коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны болгон.

Анын баштыгынан табылган 5 ителгинин экөө өлүп калганы аныкталган. Бул факты боюнча  (“Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына кигизилген.

Белгилей кетсек, Кызыл китепке кирген ителги сыяктуу шумкарларды мыйзамсыз чет өлкөгө ташып жүргөндөр буга чейин дагы аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>