4-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын аймагынан жаныбарларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Мальта Республикасынын беш жараны кармалган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалгандарга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 262-беренеси (жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз алынган объектилерин ташып чыгуу, ташуу, сактоо жана сатуу) жана 261-берененин 2-бөлүгү (нерест боло турган жерлерде же миграциялык жолдордо жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз аңчылык же кармоо) негизинде протоколдор түзүлгөн.
Кармалган чет өлкөлүк жарандарга жалпы 180 миң сом айып салынып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү тарабынан 270 миң сом өлчөмүндө экологиялык зыян үчүн доо коюлду. Учурда бул иш боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.