Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Медина шаарына эсен-аман жетишти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей аларды, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлү Султанали ажы Гапыров тосуп алган.
Белгилей кетсек, кечээ 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобундагы 392 адам жана 8 ажы башчы Бишкек-Медина багыты боюнча “Манас-2” эл аралык аэропортунан Сауд Арабиянын Медина шаарына учушкан.