Бүгүн, 10-июлда Агартуу министрлиги менен Кореянын Чунгчонбук-до провинциясынын Билим берүү башкармалыгы санариптик билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин бөлүм башчылары, ошондой эле Чунгчонбук-до провинциясынын губернаторунун орун басары Ким Тэ Хён жетектеген Корея делегациясы катышты.
Махметкулов санариптик трансформация багытында Кореянын билим берүү системасынын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеп, меморандум эки тараптуу кызматташтыктын башаты болорун билдирген.
Меморандум алкагында кыргыз мугалимдер Кореяда окутулуп, жергиликтүү билим берүү системасына санариптик ыкмаларды жайылтуу боюнча практикалык даярдыктан өтүшөт. Корея тарап бул үчүн окутуу жана визиттик тренинг программасын ишке ашырат. Ал эми Кыргызстандын Агартуу министрлиги мугалимдерди тандап, Кореялык адистерге колдоо көрсөтөт жана мектептер менен кызматташууну координациялайт.
Мындан тышкары, Корея тарап Кыргызстандын мектептерине гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтөт.